Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Путиндин басма сөз катчысы Песковдун уулу Украинада согушка катышканын айтты


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун уулу Николай Песков “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып, Орусиянын “Эрдик” медалын алганын билдирди. Бул тууралуу ал “Комсомольская правда” басылмасына айтты.

Анын сөзүнө караганда, ал “Ураган” ракета системасынын экипажында кызмат өтөгөн. Буга чейин “Вагнердин” жетекчиси Евгений Пригожиндин басма сөз кызматы Дмитрий Песковдун уулуна аскерде кызмат өтөө сунушу берилбегенин кабарлаган. Пригожин Николай Песков согушка жасалма документ менен катышканын айтууда.

Владимир Путин 2022-жылдын 21-сентябрында аскерге мобилизация жарыялагандан кийин “Популярная политика” порталы Николай Песков менен байланышкан. Песков анда аскерге чакыруу кагазын алганын, бирок аскер комиссариатына барбай турганын билдирген.

Ал “Комсомольская правда” басылмасына берген соңку интервьюсунда ошол учурда эле согушка барууга камынып жатканын айтып берген.

Укук коргоо уюмдары “Вагнер” жеке аскердик компаниясын бир катар согуш кылмыштарына айыптап келет. Уюм бир нече өлкөнүн санкциялык тизмесине киргизилген, АКШ “Вагнерди” эл аралык кылмыштуу уюм деп тааныган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG