Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Президент Жапаров Москвага иш сапары менен барып, парадга катышары кабарланды


Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Орусияга барып, 9-майда Москвада аскердик парадга катышарын “Азаттыкка” мамлекет башчыга жакын булактар билдирди.

Маалыматка караганда, президент Москвага 7-майда барып, 10-майга чейин болот. Президенттик администрация сапар тууралуу маалымат бере элек.

23-апрелде орусиялык “Ведомости” басылмасы жеке булактарына таянып, 9-майда өтчү аскердик парадда Садыр Жапаров жалгыз чет өлкөлүк конок болорун жазган. Басылма президент Жапаров Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун чакыруусу менен Москвага барганы жатканын белгилеген.

“Ведомости” басылмасынын башка материалында Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Садыр Жапаров “Жеңиш парадына да катышуу үчүн калууну чечкенин” билдирген.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин өткөн Москвадагы аскердик парадга бир дагы мамлекеттин башчысы катышкан эмес. Анда Дмитрий Песков Кремль иш-чарага чет элдик коноктор чакырылбаганын айткан.

Садыр Жапаров акыркы жолу былтыр 13-майда барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG