Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт


29-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

26-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG