Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Новосибирскиде "Вагнердин" жоочулары жапырт көмүлгөн мүрзө табылды


Орусиянын Новосибирск аймагында "Вагнер" жалданма аскер уюмунун жоочулары жапырт көмүлгөн көрүстөн табылды.

Сибирь.Реалии басылмасы күбөлөргө таянып кабарлагандай, Гусинобродский көрүстөнүндө 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын январына чейин көмүлгөн ондогон адамдын мүрзөсү аныкталган.

Кабырга "Вагнердин" символдорунун бири - кара чырым жана сары жылдыздын элеси түшүрүлгөн гүлчамбарлар коюлган.

Сибирь.Реалии ал жерге көмүлгөн 200гө жакын кишинин тек-жайын аныктады. Арасында жергиликтүүлөр жана башка аймакта жашагандар бар.

Украинадагы согушка кишилерди жалдаган "Вагнер" уюмунун жоочуларынын мүрзөлөрү буга чейин башка облустардан да табылган. Серепчилер адатта бул уюмдун катарында согушка баргандар майданда алдыңкы катарда турарын белгилешет. Арасында түрмөдө отургандар жана мигранттар да бар.

Орусияда "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды да согушка жалдап келет.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG