Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Баткенде килемчилердин кароо-сынагы өтөт


Баткен килеми
Баткен килеми

27-28- апрель күндөрү "Кыргыз ажары – Баткен килеминде" деп аталган республикалык кароо-сынак өтөт.

Баткендеги иш-чарага кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын чыгарган жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана чеберлер катышат.

Кароо-сынактын максаты - кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келеген кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоого багытталган. Аны жергиликтүү бийлик, Кол өнөрчүлөр кеңеши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чогуу уюштурууда.

Баткенде колго согулган килемдин ондон ашык түрлөрүн даярдап, бир жылда жарым миллион сомго чейин киреше тапкандар бар.

Аймакта борбоштурулган килем цехин уюштуруу демилгеси улам көтөрүлүп келгени менен ишке аша элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG