Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Пакистанда полиция борборундагы жарылуу 16 адамдын өмүрүн алды


Жардыруудан кийинки көрүнүш
Жардыруудан кийинки көрүнүш

Пакистандын Кабал шаарындагы жарылууда бери дегенде 16 адамдын өмүрү кыйылды.

"Машаал" радиосу кабарлагандай, 24-апрелде полициянын Терроризмге каршы күрөш борборунун ок-дары сакталган жайында бир катар жарылуу болгон. Күч органдары окуяны теракт деп атоодон карманууда.

Полиция башчысы Шафиулла Гандапур 13 тартип сакчысы менен үч жай тургун каза тапканын айтты.

Жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаменти 57 адам жаракат алганын билдирди. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG