Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" Votvot стриминг платформасын ишке киргизди


“Эркин Европа/Азаттык радиосу" корпорациясынын орус тилдүү жаңы мультимедиалык долбоору – Votvot стриминг платформасы 25-апрелде иштей баштайт.

Ал Орусиянын Украинага басып киргенин сындаганы үчүн ишмердиги чектелген же тыюу салынган маданият өкүлдөрүнүн өнөрүн жайылткан аянтча болот.

Votvot эркин ой-пикирин кеңири аудиторияга сунуштагандарга, альтернативдүү жаңылык издеген жаштарга багытталат. Ага даректүү тасмалар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, концерттер, балдар үчүн агартуу программалары жайгаштырылат.

Votvot колдонмосун онлайн дүкөндөрдөн жүктөп алса болот. Андан тышкары votvot.tv сайты иштейт, социалдык түйүндөрдө да бар.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун" бул долбоору Орусиядагы цензуралык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө багытталган.

Орусиянын Украинадагы согушун сындаган бир катар артисттер өлкөдөн чыгып кеткен, алардын өнөрлөрү орус телеканалдарында көрсөтүлбөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG