Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышарын жарыялады


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышарын расмий билдирди. Анын үч мүнөттүк видеокайрылуусу 25-апрелде жарыяланды.

Демократ Байден 2024-жылы кайра шайлоого катышып жатканын жарыялап, шайлоочулардан ага “жумушту бүтүрүү” үчүн көбүрөөк убакыт берүүнү сурады.

АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт.

Демократтар партиясы келерки президенттик шайлоого башка талапкер көрсөтө элек. Демократтардын атаандашы - Республикачылар партиясынан мурдагы президент Дональд Трамп талапкерлигин коюшу ыктымал. Бирок ага мурдагы шайлоодо "каражатты максатсыз пайдаланган жана көчөдөгү каршылык митингдерин колдогон" деген айып тагылышы репутациясына көлөкө түшүрүшү мүмкүн экени айтылууда.

Республикачылардан дагы бир талапкер - учурда Флорида штатын жетектеп турган Рон Десантис болушу ыктымалдыгы кабарланган.

Февралда түштүк Каролина штатынын экс-губернатору жана АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Никки Хейли Республикачылардын партиясынан талапкер болорун жарыялаган.

Жо Байден Американын 46-президенти болуп, 2021-жылы шайланган. Ал АКШ тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы. Азыр 80 жашта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG