Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Акын Өмүрбек Тиллебаевге ТҮРКСОЙдун сыйлыгы тапшырылды


25-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” деп аталган кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болду.

Иш-чарага Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев баштаган бир катар акын-жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты.

“Бата жана каргыш” аттуу ыр менен жазылган романында акын адамзаттын алмустактан бери келе жаткан көйгөйлөрүн, ак менен каранын, адилеттик менен карөзгөйлүктүн, бийлик менен элдин ортосунда жүрүп келе жаткан күрөштү көркөм чагылдырган. Ал окуялардын баары эгемендик жылдардагы Кыргызстандын турмушу, миграция, кылмыш дүйнөсү жана төңкөрүштөр аркылуу берилет. Ошондой эле акын улуттук каада-салт, нарк-насил аркылуу замандын чиелешкен суроолоруна жооп издейт. Роман 500 нускада жарык көрдү.

“Бата жана каргыш” романы.
“Бата жана каргыш” романы.

Иш-чарада Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгы боюнча баяндамалар жасалып, ырлары окулду. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев Тиллебаевге Абай Кунанбаев атындагы төш белгини тапшырды.

Өмүрбек Тиллебаев Кара-Суу районундагы Миялы айылында 1961-жылы 31-августта жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон калемгердин буга чейин "Күн жыты", "Кут жылдыз" жана “Адамдын күн жүрүшү” аттуу ыр жыйнактары чыккан. (MZh)

XS
SM
MD
LG