Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

"Азаттык" иши: Сот ИИМди жашыруун деп эсептеген маалыматын өзүнчө бөлүп чыгууга милдеттендирди


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 26-апрелде “Азаттык Медианын” адвокаты Нурбек Сыдыковдун арызын жарым-жартылай канааттандырды. Соттун бул чечимине ылайык, эми Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Азаттык Медианын” банктык эсебин бөгөттөгөн кылмыш ишинин материалдарындагы "жашыруун" делген маалыматтарды "жашыруун эмес" маалыматтардан өзүнчө бөлүп, аныктап чыгууга милдеттүү болот.

Ишке “жашыруун” деген макамды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коюп, андан ары териштирүү үчүн материалдарды ИИМдин Тергөө кызматына жөнөткөн.

“Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы былтыр 31-октябрда белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий кабарлаган.

Бирок "Азаттык Медиа" бул тизмеден чыгарылганын, ошондуктан ишти кароого негиз жок экенин Финансылык чалгын кызматынын өкүлдөрү 28-декабрда билдиришкен. Буга карабастан банк эсеби алигүнчө ачыла элек. Эсеп ИИМ козгогон кылмыш ишинин алкагында бөгөттөлгөнү белгилүү болгон.

Аталган иште “Азаттык Медианын” юридикалык макамы беймаалым. Толук маалыматты ИИМ кылмыш ишинде "жашыруун" грифи бар деген негизде бербей келет.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

Ал эми “Азаттык Медианын” расмий сайты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сотко жазган арызынан улам туура жарым жылдан бери бөгөттөлүп турат. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган. "Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

23-январда аталган министрлик “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен да сотко арызданганы маалым болгон. Бул иш боюнча кезектеги отурум Ленин райондук сотунда бүгүн 26-апрелде саат 15:00дө башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG