Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Июнь окуясы: Абдуллаева Жалал-Абаддагы изоляторго камалды


2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясынын курмандыктарына арналган эстелик.
2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясынын курмандыктарына арналган эстелик.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы 2010-жылкы Июнь коогасына шектүү Карамат Абдуллаева кайдан кармалганы боюнча комментарий берди.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Абдуллаева 22-апрелде Өзбекстандан Кыргызстанга кирип жатканда кармалган.

“Кармоо бир топ күч-аракеттерди талап кылды. 24-апрелде Ал Жалал-Абад облусундагы аялдарды жана балдарды кармоо изоляторуна жиберилди”, - деди Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы Июнь коогалаңына чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган. Июнь окуяларын уюштурууга айыпталып, 2014-жылы сыртынан 16 жылга соттолгон. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Ал эми Абдуллаеванын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева эч кандай кармоо операциясы болбогонун, Абдуллаеванын күйөөсү ооруп, операция кылыш керек болгондуктан ал Кыргызстанга өзү киргенин билдирди. Адвокат Карамат Абдуллаевага чыккан сот өкүмүнө каршы Жогорку сотко арызданарын да айтты. (BTo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG