Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Майыптыгы бар жаштарды окутууу борбору мамлекеттик колдоого муктаж экенин билдирди


Майыптар ассоциациясынын төрагасы Калык Мамбетакунов борбордун өкүлдөрү менен.
Майыптар ассоциациясынын төрагасы Калык Мамбетакунов борбордун өкүлдөрү менен.

Кыргызстанда алгачкы болуп ачылган майыптыгы бар жаштар борбору мамлекеттин колдоосуна муктаж болуп жатканын “Азаттык” радиосуна 25-апрелде өлкөнүн Майыптар ассоциациясынын төрагасы Калык Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды түрдүү кесипке үйрөткөн, окуу маалына жатаканасын камсыз кылып берген борбор быйыл февраль айында Сокулукта ачылган жана мындай заманбап мекеме азырынча Кыргызстан боюнча жалгыз гана.

Мамбетакунов демилгени өзүлөрү көтөрүп чыгып, донор таап, мамлекеттен бир тыйын албастан, кувейттик кайрымдуулук фондунун жардамы менен куруп, заманбап шартта жабдып алган Сокулук социалдык-эмгек реабилитациялоо борборунун ишин улантып кетүүгө эми өкмөт көңүл бурса деген өтүнүчүн айтууда:

“Бул жерде таяныч-кыймыл аппараты оорукчан, кресло-коляскада, эки балдак менен жүргөн кыз-келиндер жана жигиттер 22 кесипке үйрөтүлөт. Жыгач иштетүү, тигүү, чач алуу, тамак жасоо, бут кийим жана сумка оңдоо, компьютер, англис тили, оранжировка жасоо, фото жана видео деген багыттар боюнча үч, алты, тогуз ай жана бир жыл ошол жерде жатып окушат. Азыркы күндөгү эң негизги маселе – ушул борбордун толук иштеп кетиши үчүн өкмөттөн каржылык жардам күтүп жатабыз кызматкерлердин айлык көйгөйүн чечүү үчүн. Мамлекет өз бюджетинен жардам бергени абзел”.

Сокулуктагы борбордун курулушу 2019-жылы башталган. Төрт кабат заманбап имараттын ичи толугу бойдон майыптарга ылайыкташкан, ичине лифт орнотулган.

Анын ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров өзү барып катышып, «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирген.

Мамбетакунов эгер Кыргызстан бул объектини жакшы өздөштүрүп кетсе Кувейт кайрымдуулук фонду ушундай эле борборлорду Нарынга, Караколго, Таласка, Баткенге, Жалал-Абадга жана Ошко да салып берүүгө убада бергенин кошумчалады.

Сокулуктагы борбор Кыргызстандын ондогон майыптар уюмдарынын башын бириктирген Майыптар ассоциациясынын мүчөсү, Чүй облустук таяныч-кыймыл аракеттери боюнча жаш майыптардын коомдук бирикмесине карайт. (RK)

XS
SM
MD
LG