Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Путин чет элдик активдерди камакка алуу боюнча жарлыкка кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин 25-апрелде чет элдик активдерди камакка алуу боюнча жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы РБК басылмасына таянып жазып чыкты. Сөз болгон документте Москвага каршы санкцияларды колдогон мамлекеттердеги жана АКШдагы орусиялык мүлктөр конфискацияланган учурда, аларга тиешелүү Орусиядагы активдер убактылуу башкарууга өткөрүлө турганы жазылган.

Тизмеге Unipro компаниясындагы бир үлүш жана Fortum компаниясындагы эки үлүш киргизилгени маалым болду. Путиндин соңку жарлыгы менен аталган компаниялардагы үлүштөр Мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттикке убактылуу башкарууга өткөрүлдү.

Энергетика тармагында иш алып барган Unipro ишканасынын акцияларынын басымдуу бөлүгү германиялык Uniper концернине тиешелүү. Fortum Russia B.V. - Финляндиянын мамлекеттик энергетикалык компаниясы менен чогуу түзүлгөн биргелешкен ишкана.

Путиндин бул жарлыгы “жооп чара” катары түшүндүрүлүп жатат.

Украинага кол салгандан кийин Москва Орусияга каршы санкция салган “дос эмес” өлкөлөргө тиешелүү компанияларга бир катар чектөөлөрдү киргизген. Мындай компаниялардын Орусиядагы активдерин сатуу үчүн өкмөттүк комиссиянын макулдугун алуу керек. Сатууга уруксат алуу үчүн актив базар баасынан кеминде 50% арзандатылып, бөлүп төлөө шарты түзүлүшү керектигин “Медуза” басылмасы жазды.

XS
SM
MD
LG