Казакстанда жай айларында калк үчүн электр энергиясынын баасы жогорулайт. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди.
Анын айтымында, бааны болжол менен июнь-июль айларында энерго өндүрүүчү уюмдардын эсебинен кымбаттатуу пландалууда. Ошол эле маалда министр тарифтер канча пайызга көтөрүлөрүн тактап айткан жок.
Министр эскилиги жеткен түйүндөрдү модернизациялап, бул кадам тармакта иштеген жумушчулардын айлыгын жакшыртуу үчүн жасалып жатканын кошумчалады.
Казакстан бийлиги жылуулук үчүн да тарифтерди жогорулатмакчы. Апрелдин ортосунда президент Касым-Жомарт Токаев аймактардагы Жылуулук электр борборлору (ЖЭБ) жөнүндө сүйлөгөндө, бааны кымбаттатуу зарылдыгын белгилеген.
Өткөн жылы ноябрдын аягында Экибастуз шаарындагы ЖЭБ менен жылуулук магистралдарында катуу авария болуп, -30 градус суукта шаар тургундары жылуулуксуз калган.
Казак өкмөтү айдын башында күйүүчү майдын баасын да көтөрүү ниетин билдирген. Энергетика министрлиги бензинди 11%, дизелди 20% жогорулатуу чечимин кабыл алган. Мекеме бул чечимин күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгын алдын алуу чарасы менен түшүндүргөн. Андан тышкары, Алматыда жана бир нече башка аймактарда автогаздын баасын жогорулатуу планы да айтылган.