Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ирандагы таасирдүү диниятчылардын бири кол салууда каза болду


Ирандагы мечиттердин бири. Иллюстрация.
Ирандагы мечиттердин бири. Иллюстрация.

Ирандын таасирдүү диниятчыларынын бири аятолла Аббас Али Сулеймани куралдуу кол салууда каза болду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары 26-апрелде кабарлашты. Анын өмүрүн кыйган адам кармалганы тууралуу IRNA агенттиги билдирди.

Кол салуу Мазандаран провинциясындагы Баболсар шаарында болгон. Чоо-жайы айтыла элек.

75 жаштагы Сулеймани буга чейин өлкөнүн жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи тандаган Эксперттер ассамблеясынын мүчөсү болгон.

Исфахан провинциясынын борбордук бөлүгүндөгү Кашан жана түштүк-чыгыштагы Систан-Белужистан провинциясынын Захедан шаарларында имамдын милдетин аткарып, жума намаздарын башкарган.

Ислам жумуриятынын Конституциясына ылайык, 88 адамдан турган Эксперттер ассамблеясы Жогорку лидерди көзөмөлдөө, кызматтан алуу жана шайлоо менен алектенет.

Өткөн жылдын апрелинде түндүк-чыгыштагы Мешхед шаарында жихадчылардын чабуулунда эки диниятчы каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG