Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

“Ачык диалог” фонду Батышты казак аткаминерлерине санкция салууга чакырды


Казак-орус чек арасы. Иллюстрация.
Казак-орус чек арасы. Иллюстрация.

Европада жайгашкан “Ачык диалог” фонду жана казакстандык жети укук коргоочу уюмдан турган коалиция Батышты “орус президенти Владимир Путинге санкцияларды айланып өтүүгө жардам бергени үчүн” бир катар казак аткаминерлерине санкция салууга чакырууда.

"Украинага каршы орус согушунун бенефициарлары. Назарбаев-Токаевдин режими Путинге кантип жардам берүүдө?” деген аталыштагы баяндама 25-апрелде жарыяланды.

Анда Орусия Украинага басып киргенден кийин Казакстан Москвага аскердик максатта колдонула турган каражаттарды жеткирүүгө көмөктөшкөнү айтылат.

Баяндаманын авторлору буга Казакстандын тышкы соода боюнча расмий статистикасынан мисал келтирген. Анда Казакстан 2022-жылы Франциядан 17,8 тонна ок-дары алганы, Орусияга 11,5 тонна ок-дары экспорттогону белгиленген. Адистер Астана Москвага ок-дарыны реэкспорт кылган деп боолгойт.

Мындан тышкары, Казакстан 2022-жылы Орусияга телескопиялык жабдууларды, атайын лазерлерди, радарларды, радионавигациялык жана аралыктан башкаруучу радио жабдыктарды, аскердик техникага колдонулчу сүрүлмө тетиктерди (подшипник) экспорттогону жазылган.

Баяндамада 2022-жылы казак бийлиги Беларуска да санкцияланган товарларды жеткиргени белгиленген.

26-апрелде улуттук экономика министри Алибек Куантиров Астанада журналисттерге Казакстан согушта Орусияга жардам бербей жатканын билдирди.

Казакстанга иш сапары менен келген соода министринин жардамчысы Мэттью Акселрод бир күн мурда журналисттерге жолугушканда санкцияланган товарларды Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу жеткирүү - санкцияларды жана экспорттук көзөмөлдү түздөн-түз бузууга жатарын айткан.

Казакстандын бийлиги Орусиянын Украинадагы согушун колдобойт, бирок сындабайт дагы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG