Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

БУУнун эксперттери памирликтердин куугунтукталышын сынга алды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Хорог шаарына барган учуру.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Хорог шаарына барган учуру.

БУУнун Расалык дискриминацияны жоюу комитети Тажикстандагы этникалык топтордун абалына баа берет деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада комитеттин өкүлдөрү тажик өкмөтүнүн расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча аткарган иштерин угуп, бадахшандыктардын абалы, аймактагы чыр-чатак, жана лөлүлөр менен ооган качкындарына байланышкан суроолорду көтөрүшкөн.

БУУнун өкүлдөрү тажик делегациясынан памир азчылыгы жашаган Бадахшанда адам өмүрү кыйылган окуялар эмне үчүн кайталанып жатканына жооп берүүнү өтүнгөн. Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода аймактагы башаламандыкка экстремисттик жана террордук уюмдар менен байланышы бар кылмыштуу топтор себеп болгонун айтты.

2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшандын жашоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековду өлтүргөндөрдү жазалоону жана Тоолуу Бадахшандын төрагасы менен Хорог шаарынын мэринин отставкасын талап кылышкан. Акция башаламандык менен коштолуп, бийлик аны күч менен баскан. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, интернет өчүрүлгөн.

Күч түзүмдөрү менен карапайым тургундардын кагылышуусунан 16 кишинин өмүрү кыйылган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, бул сан 30дан ашат. Кийин аймактан чыккан активисттер камакка алынган. Алардын айрымдары узак мөөнөткө эркинен ажыратылса, башкалары чет өлкөлөргө качып кетүүгө аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG