Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Казакстан эл аралык издөөгө алган генерал Серик Күдебаев кармалды


Серик Күдебаев
Серик Күдебаев

Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

"Толук маалыматты айта албайм. Кармалганын билем. Түркиядан жеткирилди", – деди 27-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берген башкы прокурор Берик Асылов.

Былтыркы кандуу Январь окуясына байланыштуу айыпталып жаткан Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазган. Кийинчерээк өлкөнүн чек ара кызматы ал чек арадан расмий чыкпаганын маалымдаган. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

Былтыр январдагы тоз-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майоруСерик Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткени айтылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Тергөө маалында ал үй камагында болгон.

Прокурор аны тогуз жылга эркинен ажыратууну сураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG