Беларуста президенттикке мурдагы талапкер Виктор Бабарико абактан ооруканага жеткирилди. Ал экономикалык кылмыштарга айыпталып, 14 жылга соттолгон.
Ага коюлган диагноз жана абалы тууралуу маалымат жок. Тарапташтары Бабарико катуу сабалган болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.
Анын ооруканада экенин "Азаттык" радиосунун беларус кызматына Шаардык клиниканын кызматкерлери да ырасташты.
Буга чейин оппозициялык "Рабочы Рух" Телеграм-каналы өз булактарына таянып, 59 жаштагы Бабарико 25-апрелге караган түнү ооруканага жеткирилгенин, абалы оор экенин жазган. Расмий маалымат берилген жок.
Бабарико — "Белгазпромбанктын" мурдагы башчысы. Ал 2020-жылы июнда камакка алынган. Анда банкир авторитардык лидер Александр Лукашенко алтынчы мөөнөткө катары менен ат салышкан президенттик шайлоого талапкер болуп катталууга аракет кылган. Беларус бийлиги Бабарикону камакка алуунун алдында "Белгазпромбанкты" өз көзөмөлүнө алып, топ-менежерлерин алдамчылык шеги менен кармаган. Анда Бабариконун уулу да камалган.
Amnesty International уюму Виктор Бабарикону жана бул иш боюнча айыпталып жаткан башка жарандарды "абийир туткуну" деп тапкан.