Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Казакстанда активист Улболсын Турдиева 20 суткага камалды


Улболсын Турдиева
Улболсын Турдиева

Казакстанда жарандык активист, Femina Vertute кыймылынын укук коргоочусу Улболсын Турдиева 20 суткага камалды. Актау шаардык соту чыгарган административдик чечим тууралуу жергиликтүү медиа 28-апрелде кабарлады.

Активист саясий негизде камалганынын айтып, ачкачылык жарыялады. Сот аны "Жалаа жабуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

#БелсенділерЭкстремистЕмес Телеграм-каналынын кабарлашынча, болжол менен эки ай мурда активист түз эфирге чыгып, "Z" белгиси бар (Орусиянын Украинадагы согуштук белгиси) дүкөн ээсине каршы даттанган. Дүкөн ээси Турдиевага каршы арыз жазып, аны жалган жалаа жабууга айыптаган. Административдик иш козголуп, активист камалган.

Дүкөн ээси "Азаттыкка" Aizere аттуу дүкөндүн логотиби 16 жылдан бери турганын, дүкөн аталышынын "согушка катышы жоктугун" айтты.

Казакстандын ар кыл шаарларында жарандык активисттер Украинаны колдогон жана Казакстанды Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгууга чакырган тынч митингдерди өткөрүүнү пландоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG