Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Хорогдо УКМКнын бөлүм башчысы өлтүрүлгөнү кабарланды


Тажикстандын Ооганстан менен чек арасындагы операцияда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Хорогдогу бөлүмүнүн башчысы Комрон Ражабзода өлтүрүлгөнү кабарланууда.

Окуя 28-апрелге караган түнү болгонун "Озоди" радиосуна эки булак билдирди. "Комрон Ражабзоданы операция учурунда белгисиз бирөөлөр өлтүрдү", - деди алардын бири.

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын куралданган сегиз тургуну маңзат ташуу максаты менен түн оогондо чек араны кесип өткөнүн, алар "Тишор" чек ара бекетинин кызматкерлеринин талабына баш ийбегенин "Ховар" агенттиги жазды.

Тажик Чек ара аскер башкармалыгынын басма сөз кызматы атышуу учурунда бир тажик аскери набыт болгонун белгилеген. Бирок анын тек-жайы айтыла элек.

Ооганстандан келген куралдуу топ артка качып кеткен, Тажикстанда алардын шериги деген үч киши кармалган.

XS
SM
MD
LG