Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Жапаров темир жол куруу долбоорунун негиздемеси даяр экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Жогорку Кеңеште Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун билдирди. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында өлкө башчылары каржылоонун жол-жобосун тактагандан кийин иш башталарын айтты.

"Техникалык-экономикалык негиздемеси даяр. Каржылоонун жалпы көлөмү такталып жатат, ал 3-5 миллиард доллардын тегерегинде болот. Биздин аймак аркылуу эле 57 чакырымдык тоннель курулат",-деди Жапаров.

Ушул жылдын башында Бишкекте бул долбоордун аткарылышын көзөмөлдөгөн кеңсе ачылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул темир жол салынса үч өлкөнүн Жакынкы Чыгыш, Түштүк Европага барчу жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.

Былтыр ноябрь-декабрь айларында Кытайдын илим изилдөө институту долбоордун алкагында алгачкы талаа изилдөөлөрү жүргүзгөн.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылы 14-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

XS
SM
MD
LG