Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Жалал-Абад: Эвакуация жарыяланган коллеж ишин улантты


Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы коллеж. Иллюстрациялык сүрөт.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы коллеж. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда чогуу окуган балага калемпир газын чачыраткан студент кыздын айынан окуу айрым бир убакытка токтотулуп, студенттер жана окутуучулар эвакуация болушканын “Азаттыкка” окуянын күбөлөрү айтып беришти.

Алардын айтымында, окуя бүгүн 28-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы коллежде болгон.

1-курстагы студент кыз тайпалашы менен уруша кеткенден кийин ага каршы калемпир газын чачыратуучу кол баллон колдонуп, бетине чачып жибергени, натыйжада кулагынан күйүк алган бала “Тез жардам” менен бейтапканага жеткирилгени, газдын айынан окуу жайдын ичиндеги айрымдар өзүн жаман сезип, кыйналышканы маалымдалды.

Коллеждин директору Бариса Турдубаева студент кызга эскертүү берилгенин, окуу өз нугунда уланганын айтты, жабыркаган баланын абалы жакшы экенин билдирди.

Кыздын ата-энеси ал кол баллонду өзүн коргоо үчүн сумкасына атайылап салып жүрөрүн билдиришти.

Жалал-Абад коллежинде 174 мугалим, 2,5 миңдей улан-кыз билим алат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG