Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Казакстанда сот генерал Серик Күдебаевди 10 жылга кести


Серик Күдебаев
Серик Күдебаев

Казакстандын Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев 10 жылга камалды. Талдыкорган соту 28-апрелде ушундай өкүм чыгарды, бирок азырынча расмий күчүнө кире элек. Күдебаев өзүнө тагылган айыпты моюнга алган жок.

Башкы прокуратура Серик Күдебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 27-апрелде билдирген.

Былтыркы кандуу Январь окуясына байланыштуу айыпталган Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазган. Кийинчерээк ал чек арадан расмий чыкпаганы маалымдалып, эл аралык издөө жарыяланган.

Былтыр январдагы тоз-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майору Серик Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткени айтылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Тергөө маалында ал үй камагында болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG