Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Таласта мал базарда болгон окуяны милиция териштире баштады


Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодон алынган сүрөт.
Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодон алынган сүрөт.

Таласта жоон топ адам уурулукка шектелген бирөөнү колун тушап жатышкан видеонун чоо-жайы териштирилерин бүгүн 30-апрелде облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Милицияга алып келишти. Мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деди «Фейсбуктагы» видеого жазган комментарийинде башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Динара Сарногоева.

Видеону социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөндөр окуя Таласта мал базарда болгонун, “бирөөнүн чөнтөгүнөн 150 миң сом уурдап жаткан ууруну кармап алышканын” жазып жатышат.

Кыргызстанда уурулукка шектүүлөрдү колунан кармап алып, өз алдынча жазалоо аракетин көрүп жаткандар тууралуу видеолор буга чейин да жарыяланган.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG