Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Корккон утурлай муштайт, бирок...


Cөз эркиндигин коргогон жыйын. Бишкек. 2022-жыл.
Cөз эркиндигин коргогон жыйын. Бишкек. 2022-жыл.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

“Азаттыктын” азыркы кабарчысы Канымгүл Элкеева студент кезинде “Коркуп жашагандан корком” деп алакандай эссе жазганы эсимде. Бүгүн ушул коркуу сезими, анын табияты жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү.

Сактыкка кордук жок. Бирок...

Жашап кетүү (аман калуу) инстинкти деген тубаса туюм болбосо, жан-жаныбардын баары кырылып кетмек.

Тирүү жан катары адамдын да сактык сезими болушу керек. Ал этияттанбаса, бөөдө кырсыкка кабылышы, өлүп калышы же жакындарына кесепетин тийгизиши мүмкүн.

Бирок эгер коркуу адамдын жакшы көрүү, боорукердик, күйүмдүүлүк, адилеттик сыяктуу башка сезим-туюмдардын баарынан күчтүүлүк кылса, кишинин ой-кыялын, жан маанайын туткундап алса, анда өтө опурталдуу жагдай түзүлөт...

Зээнибиз мокобосун

Башка жан-жаныбардын баары инстинкт (туюк сезим) менен жашайт, ар кандай коркунучтан сактанат, эӊ зарыл аракеттерди эч токтоосуз жасайт. Анткени алар дээрлик ойлонбойт, бардык “чечимдерди” ички туюму менен шыр “кабыл алат”.

Адам баласы акылдуу болгонуна жараша эзелки инстинкти кыйла начарлап калган экен. Айрым өтө сейрек инсандарды айтпаганда, кишилердин дээрлик баары ушундай. Демек, биз бардык иштерди акылга салуубуз керек. Учур чактагы эле эмес, эртеӊки пайда-зыянды да таразалап, кийин өкүнбөгүдөй чечимге келиш үчүн мүмкүн болушунча сергек ойлонушубуз кажет.

Бирок акыл-эсти кишендеп, эркти мокото турган эки сезим бар. Бири – ийгиликке ашыкча маашырлануу (Бул жөнүндө башка жолкуда сөз кылалы). Экинчиси – коркуу.

Акылды сенек кылган... жалкоолук

Кайраты качкан адам бар күчүн да колдоно албай, өзүнөн кыйла алсыз душманга жеңилип, колунан келе турган иштен тартынып, көп нерседен куру калат. Эрки бош киши чечкинсиз болот. Маанилүү, жоопкерчиликтүү иштерден качат. Баштаган чоңураак ишинин аягына чыкпай, майда-барат бирдемелерге алаксый берет. Убакыт жетишпейт, чарчап калам, колумдан келбейт ж.б. шылтоолор менен өзүн алдайт.

Ошентип, коркоктуктун бир түрү – жалкоолук. “Жалкы” деген этиштин уңгу мааниси ушундай: ал кандайдыр бир иш-аракетти кылуудан тажап же алдын ала коркуп калганды билдирет. Жалкоолук – акырындатылган коркоктук. (Бул абзацтагы ойду студент кезимде күндөлүккө жазган экенмин).

Жоош-момундар кимге керек?

Адамдын акыл-эси менен сезим-туюмдары тикелей байланыштуу. Бала чагынан ашыкча чектөөлөргө, тыюуларга кабылбай, эркин өскөн киши дени сак, акылдуу, кайраттуу, чечкиндүү болушу көбүрөөк мүмкүн. Тескерисинче, эгер баланы дайыма зекип, кекетип-мокото берсе, сөзүн укпай, жалаӊ гана буйрукту аткарууга көндүрүп койгон болсок, ал өз алдынча ойлонуудан да тартынып калат. Ал өз акылына, дээрине, шык-жөндөмүнө ишенбей, жалтак, коркок, ээрчиме болуп өсөт.
Адам катуу корккондо өзүн жоготуп коёт: тулку бою шалдырап, тил күрмөөгө келбей калат. Дайыма корко бергенде, кишинин акыл чабыты да чектелип, тыюу салынган (деп эсептелген же өзү ошондой ойлогон) нерселерди ойлонууга батынбай, “дудук” боло баштайт.

“Жамандын бир аты – жоош” деп кыргыздар эчак эле аныктап койгон. Мындай адамдар өз ыктыяры, акылы менен эмес, буйрукту аткарып өтө коркунучтуу ишке барышы да мүмкүн. Кыстоосу келишсе, “Ак кемедеги” Бугу энени өз колу менен аткан Момун чалга окшоп, өзү аздектеген эӊ ыйык дөөлөткө да кол салуудан тартынбайт...

Ач көздүк

Коркоктуктун эӊ жийиркеничтүү түрү. Напси бузук киши курсагы тойгонуна канааттанбай, ашказанына зыян келтирет. Ата-бабасынан бирөө де өзү эле кайсы бир кезде ачтан өлүп калуу коркунучуна туш келгенде, сугалактык канына сиӊген да, укум-тукумга улануучу адамдык өзөк касиетине доо кетирген. Жашоосуна кенен жеткидей мал-мүлккө топук кылбай, башкаларды иштетип, митеге айланган неме саясий сойкулуктан да жийиркенбейт...

Мыкаачылык

Коркоктуктун эӊ оор түрү. Бул ташбоор инстинкт жапайы жаныбарлардан киши айырмалана баштаган алгачкы доордон калган. Капыстан алдынан чыга калган башка бирөөнүн оюнда эмне бар экенин билбей, көбүнчө озунуп кол салууга даяр турган адат кийин коом өнүгүп, адамгерчиликтүү мамилелер өнүккөн сайын азайган. Бирок инсандык таалим-тарбиядан, рухий өсүштөн куру калган наадан пенделер дагы эле ошол деңгээлде жашайт.

Ырас, билими бар, керек болсо жогорку билимдүү кишилердин арасында деле ташбоор пенделер кездешет. Айрыкча байлык менен бийликтен кол жууп калам деп ашыкча корккондор чындыкты айткандарды душман көрө берет. Алардын көпчүлүгү Андерсендин жомогундагы тикмечилерге окшош кошоматчылардын туткуну болуп калат.

Сөз эркиндиги – баа жеткис дөөлөт

Сөз башында Канымгүл Элкееванын студент кездеги бир тезисин эстедим эле. Эми муну аяктап жатып, Улукбек Омокеевдин эркиндик жөнүндөгү ойлорун келтирейин:
Эң чоң байлык — эркиндик.
Сөз эркиндиги, дин эркиндиги, каржылык эркиндик, жашоо эркиндиги. Аны сакташыбыз керек. Унчукпас болуп кетебиз, же кошоматчы болуп кетебиз. Андай элдин колу-буту тушалуу болот. Коркок болот.

Коркок адам мыкаачы болот. Мыкаачы адам убалдан коркпойт. Ал өлүмдөн, байлыгын жоготуудан аябай коркот. Корккону үчүн жалганчы, мыкаачы, кошоматчы болот.

Эркин адам боорукер, жапакеч болот, жайдары жүрөт.
Эркиндикке умтулуп жашайлы.

Коркуу сезими жөнүндө макалдардан

Көз коркок, кол баатыр.
Карайлаган там сүзөт.
Коркконго кош көрүнөт, кошу менен беш көрүнөт.
Корккон утурлай муштайт.


Жолдош Турдубаев, журналист

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG