Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Казакстанда Өзбекстандын өтүнүчү менен эки активист кармалды


Маңгыстоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Маңгыстоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Маңгыстоо облусунда Өзбекстандын талабы менен каракалпакстандык эки активист кармалганын 30-апрелде “Шырак” маалымат борборуна таянып “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, казакстандык күч кызматкелери аларды 28-апрелде басмаканалардын биринде “Каракалпактар Өзбекстандын референдуму Каракалпакстан республикасынын аймагында өтүшүнө каршы” деген баннер жасатууга буюртма бергени жатышканда колго түшүрүшкөн.

28 жаштагы Бегдияр Халыкоразов жана 26 жаштагы Алпамыс Аллаяров экөө тең, «Шырактын» маалыматына караганда, Казакстанда туруктуу жашаган жана иштеген адамдар.

Маңгыстоо облустук полициясынын басма сөз кызматы алар каякта экени жана кандай негизде кармалганы тууралуу кабары жоктугун айтып, “Аларды полиция кармаган эмес” деп билдирди.

Ал эми Каракалпакстандын өзүндө укук коргоочу Манас Казахбаев кармалганы, аны борбор калаа Нукустан өзбек полициясы кармап кеткени кабарланууда.

Бүгүн 30-апрелде Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат. Эгер андагы сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса президент Шавкат Мирзиёевге бийлигин 2040-жылга чейин узартууга жол ачылат.

Конституцияны өзгөртүү демилгеси бул өлкөдө былтыр көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG