Ошто акча алмаштыруучу жайдан ири суммадагы акчаны карактап кеткен эки киши изделип жатканын шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-апрелде эртең менен Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде болгон.
Бет кап, кол кап тагынган эки киши тапанча менен бастырып кирип, ичинде иштеп отурган 59 жаштагы кишини сабап, 3,6 миллион сом накталай акчаны тартып алышканы жана сыртта атайын күтүп турган машинага отуруп, изин жашырып кетишкени кабарланды.
Жабыркаган адам Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө кайрылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Карактоо” деген 207-беренесинин негизинде иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген. (DSh)