Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Президент Жапаров Эмгек майрамы менен куттуктады


Кыргызстандын президент Садыр Жапаров.
Кыргызстандын президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

Президенттин сайтына жарыяланган куттуктоодо "1-май Кыргызстанда салттуу элдик майрамга айланганын, кыргыздар эзелтен эле жакшы жашоого адал эмгек, талыкпаган мээнет менен гана жетүүгө болорун белгилеп келишкени" айтылат.

“Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн күч-аракетин, билимин, тажрыйбасын аябай, түз ниети менен иштеп келе жаткан чыныгы кесипкөйлөр менен эмгек жамааттары сый-урматка татыктуу. Анткени өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз алардан өрнөк алып, мекенчилдик сезимге тунуп, эмгекти сүйүүсү, билимге умтулуусу аркылуу эгемендүү мамлекетибиздин келечегин түзүүчүлөргө айланат”.

1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү жүзгө чукул өлкөдө белгиленет. Казакстанда бул күн Улуттар аралык биримдик күнү катары кабыл алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2022-жылы жумушсуздуктун деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөн. Ушул тапта 142 миңден ашык адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу былтыр жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG