Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

"Мектепке кеткен бойдон кайткан жок". Жети жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды


Орто-Нура айылы. Нарын району.
Орто-Нура айылы. Нарын району.

Нарын районунун Орто-Нура айылында киши колдуу болгон жети жаштагы Аруукенин сөөгү 29-апрелде жерге берилди. Мектепке даярдоо классында окуган наристе мындан бир күн мурда окууга кеткен бойдон үйүнө тирүү кайтпай калды. Кыздын кыйноо белгилери аныкталган сөөгү айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдөн табылган. Үрөй учурган бул окуя балдардын коопсуздугун, зомбулук көйгөйүн күн тартибине чыгарды.

Киши колдуу болгон Аруукенин кан жутуп отурган апасы ысымын коомчулукка ачык айтууну каалаган жок. Арууке бул үй-бүлөдөгү беш баланын үчүнчүсү эле. Апасынын айтымында, ал мектепке даярдоо классына күзүндө кирген. Мектеп үйүнөн алыс болгондуктан, аны атасы жеткирип, кайра алып келип жүрчү. Кээде окууга улуу эжелери менен барчу. Мектепке өз алдынча барып калганына бир жума эле болгон экен. 28-апрелде наристе адаттагыдай эле түшкү саат 12де окууга кеткен бойдон үйүнө кайткан жок.

“Мектепке кызым бир саатта жетчү. Келатканда 1,5 саатта келип калчу, анткени үйүбүз айылдын өйдө жагында. Ошол күнү адаттагыдай эле мени менен өбүшүп, коштошуп алып мектепке кеткен. Окуудан 15:30да тарап, үйгө 17:00дө келип калмак. Убагында келбегенинен, туугандарыбыздыкына кетип калды го деп чалып сурасам, барбаптыр. Анан айылдыктардын группасына жазып, кызым үйгө келатып, дүкөнгө киргенин билдим. Ал жерден чыкккандан кийин эч ким көрбөптүр. Аңгыча кеч кирип кетти. Теңтуштарыбыз, айылдын жаштары, милиция келип, түтүнмө-түтүн издей баштады. Түндө кызымдын сөөгү ээн калган үйдөн табылыптыр. Кылмышка шектүү биздин үйгө келип-кетип жүрчү, жолдошумдун тракторун оңдошчу. Балдарымды билчү, кызым да аны тааныганынан ээрчип барган окшойт. Ал киши кызымды жетелеп бара жатканын көргөн күбөлөр бар деп атышат. Кызым ийкемдүү, акылдуу, боорукер, эч кимге жамандыгы жок, күлүп эле турган жан болчу. Келечекте мугалим болом, башка балдарды тарбиялайм деп кыялданчу”, - дейт боздогон эне.

Орто-Нура айылындагы мектеп.
Орто-Нура айылындагы мектеп.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы жети жаштагы окуучунун өлүмү иликтене баштаганын, кылмышка шектүү катары 64 жаштагы жаран кармалганын билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон. Маалыматка караганда, кыздын сөөгүн кароо учурунда күч колдонулган белгилер аныкталган.

“Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү - Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу жаран мас абалында кармалган. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүргүзүлүүдө”.

Наристени зордуктоо болгонбу, жокпу Нарын милициясы азырынча кененирээк маалымат бере элек. Экспертиза жүрүп жатканын билдиришти.

Окуя Орто-Нуранын тургундарынын үрөйүн учуруп, кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан башка жакка көчүп кеткени белгилүү болду. Айыл башчы Тынчтык Бейшалиев "Азаттыкка" билдиргендей, мындай чечимди жергиликтүү жашоочулар эки тараптын коопсуздугун эске алуу менен кабыл алган. Ал эл шектүүнү өз алдынча соттоого аракет кылды деп социалдык тармактарда тараган маалыматтарды четке какты.

“Азыр интернетте айылдыктар кылмышка шектүүнү ташбараңга алып, өз алдынча жазалагасы келген деген жалган маалымат тарап жатат. Бул калп. Кызды издегени жалпы эл чыкты. Баласын жоготкондор ачууланып турганы түшүнүктүү. Бирок азыр экспертиза чыга элек, иликтөө бүтө элек. Каза болгон кыздын туугандарынын талабы менен, жабыркагандар ачууланып, бир нерсе чыгып кетпесин деген ой менен, кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан чыгарылды. Аларды шаарда жашаган баласы алып кетти. Эки күндөн бери милиция, айыл тургундары чыр чыгып кетпесин деп кайтарып турдук. Бирок кечке кайтарып тура албайбыз да. Азыр жазгы талаа иштери башталып атат. Ар кимдин өз жумушу бар. Кылмышка шектелип кармалган адамдан эч ким муну күткөн эмес. Кылмышты ал киши кылдыбы же башкабы деп мен дагы билбей турам. Буга чейин трактор айдачу, трактор оңдоп, элге жардам берип жүрчү. Бала-чакалуу, неберелүү, кадимки карапайым эле адам болчу", - деди Бейшалиев.

Анын айтымында, кандуу окуядан кийин Орто-Нуранын дүкөндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Айыл башчы Бейшалиев алкоголдун сатылышын тыюу көптөн бери талкууланып келгенин, 28-апрелдеги окуя буга себеп болуп калганын жана дүкөн ээлери макул болгонун билдирүүдө.

Орто-Нурада 284 түтүн бар, 1824 адам катталган. Район акиминин орун басары Анара Орозказиева киши колдуу болгон Арууке 1,5 чакырым алыстагы мектепке каттап окуганын айтып берди.

Анара Орозказиева
Анара Орозказиева

"Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов атындагы орто мектепте 472 окуучу окуйт. Каза болгон Аруукенин мектептен үйүнө чейинки аралык 1,5 чакырымды түзөт. Үйү айылдын четинде жайгашкан. Ал эми кылмышка шектүү жаран үч баланын атасы. Улуу уул-кызы турмуш курган. Айылда аялы жана кичүү баласы менен жашаган. Үй-бүлө дыйканчылык, мал чарба менен алектенген".

Жазыксыз Аруукенин бейкүнөө өлүмү Кыргызстандагы балдардын коопсуздугун, зомбулук көйгөйүн күн тартибине алып чыкты. Өлкөдө балдардын зомбулукка кабылган же өмүр менен кош айтышкан учурлары буга чейин да катталган.

Мындай терс көрүнүш 2021-жылы декабрда Чүй облусунун Сокулук районунун Исмаил айылында катталып, анда бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү да жашаган жеринен көчүп кеткен.

2021-жылы Бишкекте 13 жаштагы кыз зордукталгандан беш айдан кийин жанын кыйганы быйыл ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болуп, Башкы прокуратура ишти бир жылдан кийин кайра карап, зордуктоо фактысын жетиштүү тергебей, ишти жапкан эки милиция, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин, ошондой эле зордуктоого шектүү адамды камакка алган.

Бул биз мисалга алган зомбулук фактыларынын айрымдары гана.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын өткөн аптадагы маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткен. Калган 37% дагы эле создуктурулуп, өндүрүштө калган. 2022-жылы аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук жана алардын укугунун бузулушу боюнча 14 миң 786 иш каттоого алынган.

Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да билдирген. Ал алсыз балага кордук көрсөткөндөрдү эч аёосуз жазалоо керектигин, ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкандар, айрыкча укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жообунан тышкары калбашы керек экенин белгилеген.

Мамкатчы келтирген маалыматка караганда, былтыр жылдын биринчи жарымында эле балдардын зордук-зомбулукка кабылган 500 учуру катталган, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG