Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

"Алты айлык балам экөөбүз беш саат кордук көрдүк"


Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган акция. 8-июль, 2022-жыл. Бишкек.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган акция. 8-июль, 2022-жыл. Бишкек.

Евгения Кучерявая үч күндөн бери Бишкектеги Улуттук госпиталда жатат. Ооруканага ал баш мээси чайкалган, бети көгала, көзү ачылбай калган абалда түшкөн. Евгениянын беш айлык уулу учурда Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Эне-бала 24-февралда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан.

Евгения баш калаадагы өз үйүндө күйөөсүнүн ур-тепкисине эч жазыксыз кабылганын айтып отурду:

"Беш айлык балам менин колумда болчу, ал уктабай ыйлап аткан. Күйөөм үйгө мас келген, баңгизат да колдонгон экен. Алдыгы балаңдын жаагын жап, болбосо экөөңөрдү тең өлтүрөм деп мени чапкылап-тепкилеп кирди. Мен кулап түшкөндө, балам да жерге түштү. Ошондо ал баланы тепкилеп, буту менен башын тебелеп жатты. Беш сааттай ушундай кордук көрдүк. Улуу кызым 2,5 жашта. Ал да таяк жеди. Бирок кичинекей балам экөөбүз катуу жабыркап калдык".

Жабырлануучунун айтымында, беш саат бою эч ким жардамга келген эмес. Күйөөсү уктап калганда, аял балдарын алып курбусунукуна качып чыккан. Таң атканда "Тез жардам" менен милиция чакырышкан. Күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, баласы экөө ооруканага жеткирилген экен.

Евгения Кучерявая.
Евгения Кучерявая.

Евгения күйөөсү мурда да уруп-сабап келгенин айтып берди:

"Буга чейин да бир нече ирет милицияга арыз жазгам. Күйөөмдү камашат да, үч суткадан кийин кайра чыгарып коюшат. Кайра жашап калчубуз. Анткени мен андан коркчумун. Ал аябай айлакер. “Эгер качып кетсең, мен сени өлтүрөм. Сенин коргоп алчу эч кимиң жок. Балдарды тартып алам. Сен иштебейсиң, акча таппайсың, демек балдарды баары бир мага өткөрүп беришет” деп коркутуп келди. Азыр да корком. Кайра камактан чыгып келсе эмне кылам, билбейм".


Азыр Евгения укук коргоо органдарынан өз баласын чалажан кылып сабаган күйөөсү катаал жазага тартылышын талап кылып жатат.

Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Бишкектин тургуну кармалды. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын инспектору Назгүл Иманбаева экспертиза жүрүп жатканын маалымдады:

Назгүл Иманбаева.
Назгүл Иманбаева.

"Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголду. Тергөө кызматына 1988-жылы туулган жаран алып келинген. Ал Свердлов РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда".

Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, апасы ооруканада, атасы абакта болгондуктан үй-бүлөнүн 2,5 жаштагы кызы Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жайгаштырылды.

Оорукандагы беш айлык баланын абалы жакшырганда, ал да бир тууганынын жанына жеткирилет. Евгения оорукандан чыкканда, балдарын кайтарып алууну көздөп турат.

Кыргызстанда мындай үрөй учурган окуялар болгон сайын үй-бүлөлүк зомбулук маселеси козголот. Былтыр кризистик борборлор жана аялдын укугун коргоо менен алектенген уюмдар президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдогон. Алар мамлекет башчыны аялдарга каршы зомбулук маселесин жеке көзөмөлүнө алууга чакырган.

ИИМ 2021-жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөнүн билдирип келет. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу 6 580 кылмыш иши козголгонун айткан.

“Бул маселе актуалдуу болгондуктан прокуратура органдары балдарга жана аялдарга каршы жасалган кылмыш иштеринин тергөөсүнө көзөмөлдү күчөтөт деп ишенимдүү айтам”.

Анткен менен активисттер, укук коргоочулар аялдар, балдардын запкыга кабылган учурлары азайбай жатканын айтып келишет. Кризистик борборлордун ассоциациясынын башчысы Толкун Түлекованын оюн угалы:

Толкун Түлекова.
Толкун Түлекова.

"Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргой турган системага ишеним аз. Мисалы, алар милицияга кайрылса, кызматкерлер үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш эмес, өз ара келишпестик катары сыпатташат. Албетте, бул мыйзамда жазылган эмес денизчи, бирок бул жерде жеке пикир, стереотиптер басымдуулук кылып кетет. Бул көйгөйгө олуттуу маани берилбейт. Аялды коргой алчу система жок. Мисалы, жабыр тарткан аял кайда качат? Эгер баш калкалоочу тууганы жок болсо, ал кайда барат? Өлкөнүн бардык аймагында эле аял менен баланы коргоп алчу кризистик борборлор жок да. Бизде көп учурда финансылык жактан аялдар күйөөсүнө көз каранды. Мамлекет ага жардам бербейт. Андыктан алар кордук көргөн үйүнө кайтып барууга аргасыз".

Ош: балдарды энесиз калтырган зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:07 0:00

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG