Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Якутияда теги кыргызстандык жарандын бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Якутияда теги кыргызстандык жарандын бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

"Диаспоранын маалымдашынча, теги кыргызстандык Уланбек Арстанов Орусиянын жараны. Учурда абалы жакшырып баратат", - деп билдирди элчилик.

Якутиянын Мирный шаарында кыргызстандык Уланбек Арстановду жергиликтүү эки бала бычактап, оор абалда ооруканага түшкөн. Ага кол салынган учур көп кабаттуу үйдүн видеокамерасына түшүп калып, тасманы жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялашкан.

Жергиликтүү басылмалардын маалымдашынча, сегиз жерине бычак жеген Арстанов оор операциядан кийин өзүнө келген. Маалыматтарда кол салгандар уулун сабап жаткан маалда атасы үйүнөн чуркап чыкканы айтылат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, 24-апрелде теги кыргызстандык жарандын бычакталышына байланыштуу Якутиянын Мирный шаарында кыргыздардын "Достук" диаспорасынын мүчөлөрү менен жергиликтүү бийлик, күч кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Анда бул кылмыш иши жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү кызматтардын жеке көзөмөлүндө экени айтылган. Ошондой эле бул иш боюнча медициналык коллеждин 1-курсунун студенти кармалганы белгилүү болду.

Якутияда 7 миңден ашуун кыргызстандык жашап-иштей тургандыгы айтылып жүрөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG