Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Эрдоган түрк чалгын кызматы Сирияда"ИМ" тобунун башчысын жок кылганын билдирди


Сирия менен чектеш жердеги аскер. Иллюстрация.
Сирия менен чектеш жердеги аскер. Иллюстрация.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук уюмдун лидери Абу ал-Хусейн ал-Курейшини Түркиянын чалгындоо кызматы Сирияда өлтүрдү. Бул тууралуу 30-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган TRK Turk телеканалынын эфиринде билдирди.

Ал-Курейшини жок кылуу операциясы түрк атайын кызматынын көптөн берки планы менен ишке ашты.

Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, Абу ал-Хусейн ал-Курейшини жок кылуу операциясы Сириянын түндүгүндөгү Жандарис шаарына жакын жерде, Түркия менен чек арадан анча алыс эмес аймакта болду. Жергиликтүү тургундар агенттикке шаарда атышуунун жана күчтүү жарылуунун үнүн угушканын айтып беришти.

Былтыр февралда АКШ президенти Жо Байден Сириядагы америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук тобун жетектеген Абу Ибрагим ал-Хашими ал-Курейшини жок кылганын жарыялаган. Ал бул уюмду Абу Бакр ал-Багдади өлгөндөн кийин башкарып келген.

Андан соң уюмдун жаңы лидери болуп Абу Хасан ал-Хашими ал-Курейши шайланган. Кийинчерээк ал да өлгөнү кабарланып, уюмду Абу Хусейн ал-Хашими ал-Курейшиге башкарып жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Абу ал-Хусейн - ысымына л-Курейши деген каймана ат уланып айтылган үчүнчү лидер болгон.

"Ислам мамлекети" тобун Кыргызстанда сот экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG