Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

2-майдын аба ырайы


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

2-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы, Ош облусунун тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6.

Бишкекте түнкүсүн ала булут, каптап турат, жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG