Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы шектүүлөр 22-майга чейин абакка камалганын "Азаттыкка" ырастады.
Коррупцияга шектелип кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу Азатбек Нурдинов экендигин ишенимдүү булактарына таянып, бир катар ЖМКлар жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, Азатбек Нурдинов Ош бажысында эмгектенет.
Бул боюнча депутат Нарматова жана анын жакындары комментарий бере элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыктын" суроосуна "комментарий берилбейт" деп жооп берди.
Буга чейин УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар "Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы" жазылган. Мекеменин башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири - баш прокурор Курманкуд Зулушевдин кайниси экенин билдирген.(ZKo)