Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Жалал-Абад шаарында көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды


"Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командаларынын беттеши. Бишкек шаары. 21-март, 2023-жыл.
"Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командаларынын беттеши. Бишкек шаары. 21-март, 2023-жыл.

Көкбөрү боюнча республикалык мелдеш бүгүн, 1-майда Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданында башталды. Көкбөрү федерациясынан билдиришкендей, мелдеш 9-майга чейин уланат. Ага жалпысынан 35 команда катышып, төрт лигада беттештер өтөт.

Жогорку лигада 6 команда, Биринчи лигада 12 команда, Экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.

Жогорку лигада "А" тайпасында: "Мурас" (Ысык-Көл), "Алтын-Альянс" (Талас), "Сары-Өзөн" (Чүй) командалары беттешет. "Б" тайпасында: "Жаштык" (Жалал-Абад), "Достук" (Ош), "Ынтымак" (Талас) командалары ойнойт.

Бардык лигалардын жарым финалдык оюндары 6-7-майда, финалдык беттештер 8-9-май өтөт.

Көкбөрү Кыргызстандагы популярдуу улуттук спорт. Республикалык мелдештер жылына үч жолу: Ноорузда, 9-майда жана 31-август Эгемендик күнүнө карата өткөрүлүп келет. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG