Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү аяктоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн 2-майда салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү жыйынтыкталууда. Салык органдары декларацияны түнкү 12ге чейин кабыл алышат.

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) бул жолу дем алышка (жекшемби) туш келгени, ал эми 1-май майрам күн болгону үчүн мөөнөт эки күнгө узартылган.

Мекеме салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек экенин эскерткен. Алар:

- жеке ишкерлер (анын ичинде патент менен иштегендер);

- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар адамдар;

- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

- илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган адамдар.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми катардагы жарандар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

Мыйзам боюнча салык декларациясын кабыл алуу мөөнөтү Кыргызстанда 30-апрелде аяктайт, андан өтүп кетсе айыппул салынат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG