Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Кызылча оорусу: Былтыр жыл ичинде бир, быйыл төрт айда 265 бейтап катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу күчөп жатат. 2-майда “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунан кабарлашкандай, жыл башынан берки төрт айда бул ооруга чалдыккандар 265 бейтап болду.

Былтыр бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган.

Быйылкы катталган 265 бейтаптын эң көбү төрт жашка чейинки курактагы наристелер жана бирге чыга элек ымыркайлар.

Аймактар боюнча алып караганда, ооругандардын эң көбү Ош облусунда жана Ош шаарында катталууда.

Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG