Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

"Эл мыйзамга ишенбейт". Өз алдынча жазалоо эмнеге кооптуу?


Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодон алынган сүрөт.
Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодон алынган сүрөт.

Таласта уурулукка шектүү адам кармалганын, аны мамыга таңып, өз алдынча жазалоо аракетин көргөндөргө да укуктук баа берүү боюнча иш жүрүп жатканы кабарланды. Бул окуя коомчулукта курч талкуу жаратты. Айрымдар муну "мыйзамдын алсыздыгы" деп бааласа, кээси "укук коргоо органдарына болгон ишенимдин жоктугуна" байланыштырып жатат.

30-апрелде интернетке Талас районуна ​караштуу мал базарда "чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деген кишини топтолгон адамдар электр зымы тартылган мамыга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшканы тууралуу видео тарады.

Аны социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөндөр “бирөөнүн чөнтөгүнөн 150 миң сом уурдап жаткан ууруну кармап алышты” деп жазышкан.

Буга укуктук баа берүү боюнча иш жүрүп жатканын “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирген. Анын айтымында, бул боюнча мал базарда акчасын алдырып койгон эки адамдан арыз түшкөн, алардын бири – Бакайыр айылынын тургуну 60 миң сомун, экинчиси – Чолпонбай айылынын тургуну 6 миң сомун уурдатканын айтып даттанган.

Сарногоева уурулукка шектүү адам Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 34 жаштагы тургуну экенин, анын жанынан 35 миң сомдой акча табылганын тактады. Уурулукка шек саналган кишини элдин колунан бошоткондон кийин медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алып барышканын, "саламаттыгына эч кандай коркунуч келбегенин" билдирди.

Динара Сарногоева
Динара Сарногоева

"Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага жеткирилип, саламаттыгын текшергенде эч кандай коркунуч келбегени аныкталды", - деди Динара Сарногоева.

Сарногоева уурулукка шектүү катары кармалган шектүүнүн өз алдынча жазалоо аракетин көргөн адамдарга карата доо арызы жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартканын да кошумчалады. Милиция учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатат.

Таластагы укук коргоочу Арсыкан Момунтаеванын пикиринде, укук коргоо органдарына ишенимдин жоктугунан ушундай көрүнүштөр орун алууда.

"Кыргызстанда мыйзам бузгандардын жазасын бере турган милиция, сот, прокуратура органдары бар. Демек, чөнтөкчүнү колунан кармап алгандан кийин аны погончондорго өткөрүп берип, коомчулук жөн гана мыйзамдуулукту талап кылышы керек эле. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мындай окуялар азыркы милициянын чыныгы жүзү болуп калды. Бул окуя кармалган адам жеңил жаза алып чыгып кетет да, кайрадан эле ушундай иштерге барат дегенди түшүндүрөт. Андан сырткары, уурунун артынан дагы ондон ашык киши мыйзам алдында жооп берип калышы мүмкүн. Себеби, чогулгандар арасында шектүүгө кол көтөрүп жибергендер, колун байлагандар болду. Эгер милиция өз милдетин так аткарып, ар бир шектүүнүн айыбын тергөөдө далилдеп, жазасын алуусуна болгон күчүн жумшаса, адилетсиздикти көрүп, каны кайнаган карапайымдар бул ишке барбайт эле. Шектүүлөрдү мен актабайм, алар да туура эмес кылды. Бирок бул жана башка окуялар милицияга чоң реформа керек экенинен кабар берет".

Кыргызстанда уурулукка шектүүлөрдү кармап алып, өз алдынча жазалаган учурлар буга чейин да катталган. Быйыл, 6-мартта Аламүдүн районунун Ак-Жар конушунун тургуну үйүндө уурулук кылган адамды кармап алып, зым карагайга байлап салган. Милиция анда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш ишин козгоп, бирөөнүн мүлкүнө уурулукка кирген адамдын дагы башка ушул өңдүү иштерге тиешеси бар экенин аныктаганын маалымдаган.

Ага чейин коомдук жайларда уурулук кылып колго түшкөндөргө да кол көтөрүп, сүрөт, видеосун интернетке таркаткан учурлар болгон. Мындай окуя акыркы жолу апрель айынын этегинде Бишкекте катталган. Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү чөнтөкчүнү кармап, милиция келгиче күч колдонуп, тартып алган видео жана сүрөттөрүн интернетке чыгарып жиберген.

Милициянын ардагери Туратбек Мадылбеков мыйзамдуулукту орнотуп, коомдун ишенимине ээ болуу үчүн уурулар менен күрөшкөн атайын кызмат түзүлүп, жазалоо жолу катаалдаштырылышы зарыл экенин айтты.

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков

"Укук коргоо органдарына эл ишенбей, айласы кеткенде "өзүм жазалаймга" өтөт. Чөнтөкчүлөр барган сайын көбөйүүдө. Алардан жапа чегип, жеке буюмдарын, акчасын, документтерин алдырып жибергендерден мисалы күнүнө 20 киши болсо, анын 10% гана милицияга арыз менен кайрылат. Дагы бир маселе, ууруну кармагандан кийин ал алганын ээсине кайтарып берери менен жабыркаган тарап арыз жазуудан баш тартат. Мындайды жакшы билип алгандар ишин улантып, элдин чөнтөгүнө кол салып жүрө берет. Алтургай уурулардын ар бирин таанып, кимиси кайда иштегенине чейин билген милиция кызматкерлери бар. Алар алыста туруп, баарын байкап турат. Качан ызы-чуу чыгып кеткенде барып, шектүүнү элдин арасынан чыгарып кетет да, милиция бөлүмүнө алып баргандан кийин кое берет. Анын үстүнө уурулукту далилдөө өтө кыйын. Колунан кармап алып, видео же сүрөткө тартып, көзүнө сая көрсөтмөйүнчө уурулар кылган кылмышын моюнуна албайт. Алар "жерден таап алдым" дейт же ыргытып жиберет да сот жообунан оңой кутулат. Сот жообуна тартылган күндө да алардын жазасы өтө жеңил. Ошондуктан эл кайрылып келип, арыз жазып, жазасын талап кылышы абзел. Чөнтөкчүлөр менен күрөшүп иштей турган ыкчам кызматкерлерден турган бөлүм түзүп, уурулардын тизмесин түзүү зарыл. Мыйзамды күчтөнтүп, кармалган уурулардын жазасын катаалдаштыруу абзел. Алар мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгып, пробацияга туш болбошу керек. Болбосо мунун баары милицияга көлөкө түшүрөт. Милициянын ыкчам кызматкерлеринин иши да жакшы текшерилип, уурулар менен биригип алгандары сөзсүз катуу жаза алышы керек. Бул бири-бирине байланышкан чынжырча сыяктуу, бирөө эле үзүлсө жыйынтык болбойт".

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген.

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринде, мындай окуялар элдин социалдык абалын, коомдун мыйзамдан коркпогонун жана укук коргоо органдарынын алсыздыгын көрсөтүүдө. Мындан улам Жороев бийлик мыйзамды өз кызыкчылыгына бурмалап колдонуусун токтотушу керек деп эсептейт.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"Азыр жашоо оорлоп баратканы байкалууда. Айлык көтөрүлдү дегенибиз менен кымбатчылык кендирди кесүүдө. Мындан улам ушундай мыйзам бузуулар болууда. Экинчиден, мыйзам коргоо органдары алсыз болуп, ушундай иштердин жолун тосо албай калганын эл түшүнүп турат. Ошондуктан адилеттикти орнотууну коом өз колуна алууда. Өз алдынча жазалоо мыйзамга туура келбей турганын эл билет, бирок ошого карабай ачык эле жазалап жатканы башкаларга да "мен да ушундай кылсам болот экен" деген түшүнүктү пайда кылат. Башкача айтканда, легитимдүү мыйзамдын четте калып жатканы кадыресе көрүнүшкө айланууда. Эл кылганы үчүн жооп берүүдөн коркой калды. Мыйзам менен эмес көпчүлүктүн эмоциясынын негизинде маселелер чечилип калып атат. Бийликтин мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, тартипти легитимдүү жол менен орнотуудагы иши суроо жаратып атат. Бийлик өзү да "ошондой жолдорго барса боло берет экен" дегендей сигналдарды берип жаткандай. Соттор саясий же экономикалык кызыкчылыктар негизинде чечим чыгарып, камакка алуулар болуп жатат. Соттор ишти калыс карабай жатканын калың эл түшүнүп калды. Башкача айтканда "мыйзамдуулук же соттук адилеттүүлүк орноп жатыптыр" деген түшүнүк жокко чыгып баратат".

Активист жана ишкер Рысгүл Акимжанова шектүүнү өз алдынча жазалоонун алдын албаса, ал адатка айланып кетиши мүмкүн деп кооптонот. Акимжанованын айтымында, мамлекет деген институттун вертикалын колго алып, мыйзамдардын так иштешин азыр күчөтүп, элдин ички калыстыгын тынчтандырбаса, "себеби жана натыйжасы жок жазалоонун" берки жагында ар бир киши болуп калышы мүмкүн.

Рысгүл Акимжанова
Рысгүл Акимжанова

"Негизи эле адамдар бардык окуяларга өзүнүн чындыгы, өзүнүн позициясы, өзүнүн ченеми, рамкасы менен карайт. Адамга бардык каршылаш тарап жеткен калпычы, туура эмес иш кылган, кылмышкер болуп көрүнө берет. Кээде адамдар эч нерсеге ишенбей калганда өзүнүн күчүнө ишене баштайт. Эми элестеткиле, ар нерсеге өзүнүн чындыгы менен караган киши мыйзамга ишенбей, өз күчү менен каршылашын жазалоону чечти дейли. Эмне болот? Ушундай "таарынып калган кемчонтойдун" каршылашы дал ошол сен болуп калбайсың деп ким кепилдик берет? Бүгүн мыйзамдын аткарылышына ишенбей ууру деп эсептеп бирөөнү асышса, эртең "бирөө бир нерсе кылды" деп шек санап асат, бүрсүгүнү "ушак таратты" деп жакпаган кишилерди өлтүрө баштайт, анан паранжасыз аялды ташбараңга алат, "менин жакырчылыгыма ушул күнөөлүү" деп бийлик өкүлдөрүнө да жетет. Анткени биринчи жолку "акталган окуя" кийин адатка, күнөөлүүлөрдү текшерип отурбай, өз "чындыгы" менен карап, "самосуд" кылуу өнөкөткө айланат. Айтайын дегеним, кеп кандайдыр бир конкреттүү кылмышта эмес. Кеп "самосуд" инциденти болгондугунда жана бул инцидент коомчулукка жагып жатканында".

Былтыр 16-октябрда да Токмоктун мал базарында карыя баласынын ашына деп топтогон 115 миң сомун уурдатып жиберген. Эл ошол эле күнү ага жоготкон акчасын чогултуп берген. Көп өтпөй милиция шектүү кармалганын, карыянын акчасы өзүнө кайтарылганын билдирген.

Кыргызстанда зордуктоо фактысына айрым учурларда айыл тургундары чогулуп, өзүм билемдик менен шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүп жиберген учурлар да аз эмес. Алсак, 2021-жылдын декабрь айында Сокулуктун айылдарынын биринде 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн жакындарын эл айылдан чыгып кетүүсүн талап кылган. Бирок анын үй-бүлөсү бара турган жери жок экенин, кыйналып турганын айтып кечирим сураган. Ошого карабай жыйынтыгында алар үйүн таштап айылдан кетүүгө аргасыз болгон.

Өткөн жумада Нарындын Орто-Нура айылында наристе кыздын өлүмүнө шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан башка жакка көчүп кеткени белгилүү болгон. Айыл башчы Тынчтык Бейшалиев "Азаттыкка" билдиргендей, мындай чечимди жергиликтүү жашоочулар эки тараптын коопсуздугун эске алуу менен кабыл алган. Бейшалиев эл шектүүнү өз алдынча соттоого аракет кылды деп социалдык тармактарда тараган маалыматтарды четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG