Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Кашмирде дарыяга агып кеткен туристтер табылган жок


Кашмирдеги дарыя. Иллюстрация.
Кашмирдеги дарыя. Иллюстрация.

Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн тарабында жолтандабаста дарыяга агып кеткен сегиз турист каза болду деп жарыяланды. Жапырт издөө иштерине карабай, куткаруучулар аларды таба албаганын 2-майда полиция расмий кабарлады.

Кырсык дем алыш күнү Нилум районунда болгон. Бир туристтин сөөгү табылган, сегизи агып кеткен, бешөө жараат алган. Дарыянын суусу шар аккандыктан, дайынсыз жоголгондорду табуу мүмкүн болгон эмес.

Бул күнү Пакистандагы нөшөрдөн улам Белужистан провинциясында кеминде төрт адам, Карачиде бир бала набыт болгонун "Машаал" радиосу кабарлады.

XS
SM
MD
LG