Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Аба ырайы: айрым жерлерде үшүк жүрөт


3-6-май күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт.

3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

3-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG