Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

“Кара-Балта спирт заводунун” мурдагы жумушчулары менен соту уланууда


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Өкмөткө караштуу “Кара-Балта спирт заводунун” мурда иштеп кеткен айрым жумушчулары менен маяна маселеси боюнча соттук териштирүүсү уланууда. Алардын бири Уран Өмүров 2-майда “Азаттыкка” кайрылып, Жогорку соттон калыс чечим күтүп жатышканын айтты.

Анын билдиришинче, 2017-2019-жылдары завод токтоп турган кезде 2,5 жыл айлык албай иштеген тогуз жумушчуга айлыгын төлөп берүү тууралуу соттук чечим чыгып, аткарылган. Бирок, Өмүровдун айтымында, салык деген шылтоо менен 4-5 кишинин жалпысынан 300 миң сомдой акчасын кармап коюшкан, Жогорку сотко ошого каршы арыз берилген:

“Заводдун иши 2015-жылы эле токтогон. Бирок биз заводду карап, иштеп жүргөнбүз. 2017-жылы каржылоо такыр токтоп калган. Акыркы жумушчулар болуп биз эле калганбыз. Кетели десек инвестор келет, иш уланат деп ишендиришкен, ошентип, 2,5 жылга созулду”.

Өмүрөвдун кайрылуусуна байланыштуу “Азаттык” ишкананын администрациясына суроолорун узатты. Заводдун юристи Марина Куркина төмөнкүдөй маалымат берди:

“Биз алар менен толук эсептешип бүткөнбүз. Айлыгын төлөп бергиле деген соттун чечим июнда чыккан, бирок биз августта төлөй баштаганбыз. Негизги суммасын да, эки ай кармалганы үчүн пайыздарын да төлөдүк. Бирок пайыз да киреше деп эсептелгендиктен андан да киреше салыгын жана Соцфондго төлөм кармап калганбыз. Аны бюджетке төлөгөнбүз".

Алгачкы эки инстанция ишкананы колдогон чечим чыгарган. Эми Жогорку соттун чечими күтүлүүдө.

“Кара-Балта спирт заводу” этил спиртин чыгарган ишкана. Анын өндүрүү кубаттуулугу суткасына 2800 декалитр. (RK)

XS
SM
MD
LG