Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

АКШ Финляндияга аскердик базасын жайгаштырышы мүмкүн


Кошмо Штаттар менен Финляндия коргонуу жаатында кызматташуу үчүн эки тараптуу келишим даярдап жатат. Бул документ Финляндиянын аймагына АКШнын аскердик базасын орнотууга жол ачат.

Келишимде аскердик базага өзөктүк курал жайгаштырууга болбой турганы жазылган.

Финляндиянын тышкы иштер министринин өкүлү Микаэль Антелл келишимдин тексти даяр экенин, бир жолу кароодон өткөнүн билдиргенин Helsingin Sanomat гезити жазган. Ал АКШнын базасынын кириши менен Финляндиянын коргонуусу бекемделет деп эсептейт. Келишимде көрсөтүлгөндөй, америкалык аскерлердин Финляндияга киришине, аскердик техникаларды жана материалдарды сактоого, АКШнын Конгресси Пентагонго бөлгөн каражаттын эсебинен керектүү инфраструктуралар үчүн инвестиция салууга да болот.

Финляндия менен АКШнын ортосундагы расмий сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин созулуп, андан кийин келишимдин долбоору парламент кароосуна киргизилет.

Бул келишим Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө каршы келбейт, кайра аны толуктайт.

Кошмо Штаттар буга удаа эле Швеция жана Дания менен коргонуу жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Норвегия менен кызматташуу үчүн 2021-жылы келишим түзгөн. Америкалык аскердик-аба күчтөрү норвегиялык Рюгге аэропортундагы базада жайгашкан.

4-апрелде Финляндия расмий түрдө НАТОнун 31-мүчөсү болуп катталган. Аны менен чогуу НАТОго мүчө болуу үчүн Швеция былтыр май айында арыз берген. Бирок Түркия менен Венгриянын каршылыгынан улам ал өлкө альянска кире элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG