Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Энергетика министри: Инфляцияга жараша эсептесек тариф 1,4 сом болмок


Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

Жыл сайын инфляцияга жараша жогорулап турушу керек болгон электр энергиясынын тарифи саясий себептерден улам өзгөртүлбөй келгенин бүгүн 2-майда “Биринчи Радиого” курган маегинде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министр тариф 2015-жылдан бери өзгөрбөгөнүн айтты:

“Тарифти саясатка байлап келишкен. Энергетиктерге мүмкүнчүлүк берилип, жыл сайын инфляцияга жараша тариф көтөрүлсө бүгүнкү күндө 1 кВт/сааты 1 сом 40 тыйын турмак. Тариф саясатын карайбыз деген сайын шайлоо же референдум сыяктуу саясий окуялар чыгып калчу. Ошентип, мамлекеттин башына келген ар бир саясатчы “элдин көңүлүн бузбайлы” деп токтотуп келген”.

1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи 30% жогорулады. Энергетика министрлиги 14-февралда “2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты” токтомун өзгөртүү сунушун коомдук талкууга чыгарган. Ал колдоого алынып, натыйжада калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болду.

Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.

Калктын аз камсыз болгон катмарларына мамлекеттен жардам жана жеңилдетүү каралган.

Буга чейинки тариф боюнча калк үчүн электр энергиясынын наркы 700 кВт/саатка чейин 77 тыйын, андан ашса 2,16 сом болчу. Ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG