Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Караколдо “каржы пирамидасына” алданган 30-40 адам милицияга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарында “каржы пирамидасына” алданганын айткан 30-40 адам милицияга кайрылганын бүгүн 2-майда “Азаттыкка” өзүн Жаңыл деп тааныштырган жергиликтүү тургун билдирди. Анын айтымында, шаардык ички иштер башкармалыгы шектүү эки аялга издөө жарыялады.

“Докодемо” деген пирамиданы уюштургандар ачкан “Ватсап” тайпада 300дөй адам болгонун, алар баары алданып калганын, эми ошол эле шылуундар “Юнит-808” деген аталыш менен жаңы пирамида ачып, ага да жүздөгөн адам алданып кошулуп жатканын айткан келин уюштуруучуларды жеке өзү көрбөгөнүн, 1050 доллар акчасын карта аркылуу жөнөткөнүн айтып берди:

“Күнүнө 7-8 доллар түшөт, бирок аны 100 доллар болуп топтолгондо гана ала аласыңар дешкен. Бирөө бир сом алган жок. Себеби ага жеткенче эле баарын жаап, блоктоп салышты. Мүчө болуу үчүн ар бириңер кеминде 100 доллар менен киришиңер шарт дешкен болчу. Менин туугандарым эле ар бири 500-600 доллардан, жалпысынан 500 миң сомдой салышкан”.

Жаңыл аябай кеңири жарнама болгондуктан ишенип алганын кошумчалады.

Кыргызстанда “каржы пирамидасынан” жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, демек, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет. Милиция миллиондогон акчасынан айрылган миңдеген адамдын арызы бар экенин айткан жана этият болууга чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG