Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Өзбек президенти Мирзиёевдин Германияга сапары башталды


Шавкат Мирзиёев. Архив.
Шавкат Мирзиёев. Архив.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Германияга сапары башталды. Бул тууралуу 1-майда мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Бирок бул расмий же жумушчу сапарбы, айтылган жок.

Расмий кабарга ылайык, Мирзиёев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен 1-2-майда Берлинде болот. Өзбекстандын мамлекет башчысы Штайнмайер менен жана канцлер Олаф Шольц менен жолугушат.

Шавкат Мирзиёев акыркы жолу Германияга 2019-жылы расмий сапар менен барган.

Быйыл июнда өзбек президенти Римге сапар менен барарын Италиянын коргоо министри 27-апрелде кабарлаган. Былтыр декабрда Мирзиёев Францияга расмий сапар менен барып келген.

XS
SM
MD
LG