Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

ӨКМ: Нарында калың карда малы тоютсуз калган малчылар жардам сурады


Ак-Талаа району. ӨКМ 2023-жылдын 3-майында жарыялаган видеодон алынган сүрөт.
Ак-Талаа району. ӨКМ 2023-жылдын 3-майында жарыялаган видеодон алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарында калың жааган кардан улам беш үй-бүлө мал-жандыгы менен кошо ашууда калып калганын, аларга жардам берүү аракети көрүлүп жатканын бүгүн 3-майда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шаршембиде Орто-Сырт жайлоосунда кар жаап, 2000 баш майда жандык, 530 бодо мал өз алдынча оттой албай калган. Бул жайлоого малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, беш үй-бүлө ошол жерде калган.

“Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок малына тоют жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы кырдаалды жөнгө салуу ишин колго алды”, - деп билдирди ӨКМ.

Орто-Сырт жайлоосуна кетчү жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүнү ачуу, байкоо жүргүзүү үчүн барган куткаруучулар калың жааган кардын айынан ашууга чыга албай, кайра артка кайтышканы маалымдалды. (RK)

XS
SM
MD
LG