Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Мирзиёевдин Берлинге сапары активисттердин акциясы менен коштолду


Шавкат Мирзиёев жана Олаф Шольц. 2-май, Берлин.
Шавкат Мирзиёев жана Олаф Шольц. 2-май, Берлин.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бийликтеги мөөнөтүн 2040-жылга чейин узарткан референдумдан бир күндөн кийин Германияга барды.

2-майда Берлинге келген Мирзиёевдм канцлер Олаф Шольц кабыл алды.

Канцлердин басма сөз кызматы билдиргендей, алар эки тараптуу мамилелерге байланыштуу маселелерден тышкары тышкы саясат, коопсуздук жана аймактагы кырдаал талкуулашты.

Мирзиёевдин басма сөз кызматы алар товар алмашуу, биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүү, немис компаниясы менен биргеликте Өзбекстанда автоунаалар үчүн микрочиптерди чыгаруу макулдашылганын кабарлады.

Шольц менен жолугушуунун алдында бир топ өзбек активисттери Мирзиёевдин саясатын сындаган плакаттар менен Берлинде Германиянын канцлеринин кеңсесинин алдына пикетке чыгышты.

Алардын айтымында, Мирзиёев эки президенттик мөөнөтүндө реформаларга байланыштуу убадасын аткарбай, тескерисинче, өлкөдө экономикалык-социалдык абал курчуганын белгилешти.

Ошол эле кезде Мирзиёевди сындагандарга каршы топ да чогулуп, “Өзбекстан” деп кыйкырып турушту.

Мирзиёевдин тарапкерлери “Азаттыкка” интервью берүүнү каалашкан жок. Алар сынчылардын диалогго чакыруусун да четке кагышты.

Өзбек тараптын маалыматы боюнча, Германиядан Ташкентке келген инвестициянын көлөмү 5,5 миллиард долларга жетип, анын 4 миллиарды акыркы 6 жылда тартылган.

Немис тарап инвестиция тууралуу расмий сандарды жарыялай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG