Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Мадумаров: Кыргызстанда өз пикирин айтууга тыюу салуу аракети жүрүп жатат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда өз пикирин айтууга, ой жүгүртүүгө тыюу салуу аракети жүрүп жатканын билдирди. Ал мындай оюн 3-майда Бишкекте сөз эркиндигинин абалы талкууланган жыйында айтты.

“Бул - журналисттердин же саясатчылардын эле иши эмес. Бул - Кыргызстандын, коомдун маселеси. Муну коомчулук өзүнүн колуна алышы керек. Ар бир кишинин өз пикирин айтууга укугу болушу керек. Чар-жайыттык менен сөз эркиндигин аралаштырбашы керек. Эгер биздин маданиятыбызга жат келген көрүнүштөр менен күрөшөбүз дей турган болсо, аттарын жаап-жашырып, Ак үйдө отурган жетекчилер менен макулдашып алып, эмне деген оозго алгыс, ыплас сөздөрдү жазып жаткандар бар. Аларга эч ким унчукпайт. Тескерисинче, алар мыкты жашап жатышат. Аларга каражат бөлүнүп берилет, бийликтин колдоосуна, сыйлыктарга ээ болуп жатат. Абдан жаман жолго түшүп алдык”, - деди Мадумаров.

Ал “Азаттык” бардык окуяны чагылдырууда эки тараптын тең пикирине орун берип келатканын кошумчалады.

Сөз эркиндигин талкуулаган бул жыйынга эл аралык уюмдардын, ЖМКлардын жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Кыргызстандын бийлиги Мадумаровдун пикирине жооп бере элек.

3-майда “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жарыялаган басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашты.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

АКШнын мамлекеттик департаменти, Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин айыптаган билдирүү тараткан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев аларга “Азаттыкка” байланыштуу чаралар мыйзам чегинде көрүлдү деген жооп кайтарып, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG