Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Ысык-Көлдө тарыхый буюмдар чогултулган музей ашар жолу менен курулду


Ысык-Көл облусунда уникалдуу тарыхый буюмдар чогултулган музей ашар жолу менен курулуп бүткөнүн, расмий ачылышына даярдык көрүлүп жатканын 3-майда “Азаттык” радиосуна анын негиздөөчүсү, Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылынын башчысы Максат Боронбай уулу билдирди.

Экспонаттарды кичине кезинен бери айыл аралап, өзү чогултканын кабарлаган адис музейде 1916-жылдагы Үркүн окуяларын эстеткен буюмдар да бар экенин айтып берди:

Боронбай уулу Максат.
Боронбай уулу Максат.

“300дөн ашык экспонат бар. Сыртта балбал таштан ондон ашыгы, тегирмен ташы, сүрмө таш… Алардын баары жоголуп баратат, кээ бирлерин таштандыга ыргытып салып жатышат. Дагы төрт-беш жылдан кийин анын баары жоголуп кетет. Ушул эле айылдан чыккан 100-150 жыл мурунку ондон ашык Куран китеп, коло дооруна таандык бычактар, Үркүн окуясы учурундагы айрым оокаттар сыяктуу аябай баалуу экспонаттар бар. Үркүн учурунда биздин айылга келип, элдин баарын кырган орустардын отрядынын алдын тосуп чыгып, командирин аткан чоң аталарыбыздын биринин дүрбүсү да сакталып турат”.

Максат Боронбай уулу алгач мектептин бир бурчуна коюлуп келген экспонаттар батпай калгандыктан, жергиликтүү бийликтен өзүнчө музей ачуу үчүн жер сураганын, түрдүү кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болгонун, натыйжада айыл өкмөтү 6 сотых жер бөлүп бергенин кошумчалап, жакында Ошто өткөн республикалык музей фестивалында “Мыкты демилге” деген сыйлык алганын, презентация жасап, музейди уюштурууда башынан өткөргөн тажрыйбасы менен бөлүшкөнүн билдирди.

Музей көл жээгиндеги негизги трассада жайгашкандыктан, ага кызыккандар, көрүүчүлөр аз болбойт деп үмүттөнөрүн айткан демилгечи каалоочулар үчүн экскурсия уюштурула баштаганын айтты.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG